Кордолгон кыздын атасы: Тиши сынган, чачынан сүйрөгөн, денеси бүт сыйрылган…

«Колу сынган, тиши сынган, чачынан сүйрөгөн жана денеси бүт сыйрылган». Бул тууралуу зордукталган 16 жаштагы кыздын атасы Жусуев Азат билдирди.

«Кимдин кызы болосуң дегенде, өзүнүн чоң атасы Орозонун небереси боломун деген. Тиги бала «Азаттын кызысыңбы»- деп таанып туруп эле ошол ишти кылган. Кызыл-Туудан өтүп, Токпайга барган, ал жакта сарайлар бар болчу, сайдан ошол ишти кылган. Кыз аракет кылып качканда чачынан сүйрөп, машинага салган жана таш менен көзгө урган. Азыр ал больницада, көзүнүн шишиги дагы деле тарай элек. Ошондой эле колу, тиши сынган, чачынан сүйрөгөн денеси бүт сыйрылган. Кызым качканга аракет кылган, жөрмөлөгөн, суранган, жалынган. Дагы жакшы ошол кашарда жашаган апа баласы экөө көрүп калып, кызым аман калган. Бул бала менин үйүмөн 10 үйдөн кийин эле турат. Бирок, көрүшүп жүргөндө саламыбыз түз болчу»-деди атасы.

Бүгүн, 7-декабрда Аксакалдар соту болуп, шектүүнүн үй-бүлөсү 3 күн ичинде айылдан чыгып кетүүгө макулдугун берди.

Эскерте кетсек, окуя 5-декабрда болгон. Шектүү 16 жаштагы кызды сабап, зордуктаган. Учурда ал убактылуу кармоочу жайда кармалууда.

Аргумент.kg