Колу канга боёлгон Бакиевдер акталабы?

Колу канга боёлгон Бакиевдер акталабы?

08-чын куран, 2022-ж // // Айпери Осмоналиева

Абактагы мурунку президент Алмазбек Атамбаев 7-апрель күнүнө байланышкан кайрылуу жолдоду. Ал кайрылуусунда Аскар Акаевдин ээн эркин келип, акталып кеткенин, жакында Курманбек Бакиевди алып келүүгө аракет көрүп жатышкандарын айткан.

«Учурда Садыр Жапаровго элдер ишеним бергенден кийин жакшы иштеш керек. Эл деген “сел”… Элди Акаев 14 жыл, Бакиев 5 жыл, Жээнбеков 3 жыл алдап, жакшылык көргөн жок», – деди Атамбаев.

Колу канга боёлгон канкор Бакиевдер Кыргызстанга келип, Акаевдер сыяктуу оңой эле акталып кетеби? Азыркы президент Садыр Жапаров мурунку президенттердин катачылыктарын кайталап албаса экен.

Ооба, азыркы бийлик Аскар Акаевди жана анын жакындарын “аппагым” деп эркелетип, актап салганы менен карапайым эл кечирбеди. Элдин алдында күнөөсү тоодой болгон Аскар Акаев менен Курманбек Бакиев деле өткөндөн сабак албаптыр…