Кол коюлган келишим боюнча ири обьектилер Кытайга өтөт

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Президенттин маалымат кызматы Садыр Жапаровдун Кыргызстан мамлекеттик карызын төлөбөсө көптөгөн объектилеринен ажырап калуу кооптуулугу бар деген пикири боюнча комментарий берди.
Ишемби күнү Жапаров маалымат агенттиктеринин бирине берген маегинде мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстанды көптөгөн объектилеринен ажырап калууга кептеген келишимдерге кол койгонун билдирген.
Президенттин маалымат катчысы Галина Байтерек Sputnik Кыргызстандын кабарчысынын суроосуна жооп берип жатып, кайсы объект жана кредит тууралуу кеп козголгонун айтуудан баш тартты.
«Атамбаевдин бийлиги тушунда чет мамлекеттен карыздар көп алынган. Эгер анын шарттары аткарылбай, убагында төлөй албасак объектилер насыя берген тарапка өтүп кетет. Бул өтө ири объектилер. Мамлекет башчы кыйынчылыктарга карабай, каражат таап насыяларды кечиктирбей төлөөгө ишендирди. Объектилер эч кимге берилбейт», — деди Байтерек.
2020-жылдын соңуна карата алынган маалымат боюнча, КРдин тышкы карызы 4 миллиард 850 миллион 730 мин долларды түзет

Аргумент.kg