Көкжал мүнөз Канатбек Исаев көч баштайбы?

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Учурда оппозициянын чачкын экенин баарыбыз аңдап атабыз. Бир муштумга түйүлүүгө, ынтымакка келүүгө аракеттер көрүлө элек. Бирок, саясатчылар арасында сөз жүрүп, лидер катары кимди көтөрүү боюнча талкуу, сөз жүрүүдө. “Сарыбагыштан экөө катар жүрбөс, бирөө үзүлбөс” деп Калыгул олуя керээз кылып кеткендей, соңку убакта айрым билермандар күмпүңдөшүп, өзгөчө элиталык аксакалдар Канатбек Исаевди жолбашчы кылып тандоого батынып жатышыптыр. Каарманыбыздын билимине, тажрыйбасына жана саясатты мыкты талдай турган сапаттарына токтолушканын эшиттик. Көкжал мүнөз Канатбек Исаев убагында Алмазбек Атамбаев менен ачык чабышып, жалган жалаага кабылып, түрмөдө 10 ай татыктуу отуруп чыккан. Кыраакылыгы, кайраты менен көп мыктылардан өзгөчөлөнүп турат. Акыры түндүк-түштүк катмардагылар биригишип, Канатбек Исаевди лидер кылып чыгышары айтылууда. Саясый оюндар жакында башталганы калды окшойт…

«Азия Ньюс» гезити

 

Аргумент.kg