Көк бөрүчү Манас Ниязов: «Орусиялык атаандаштарыбыз биздей болуп 1-2 ай даярданса, оюн кызуу өтмөк»

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Бүгүн, 6-сентябрда Ысык-Көл облусунун Бактуу-Долоноту айылындагы ат майданда Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагындагы көк бөрү боюнча мелдештин жарым финалдык беттештери орун алып, анда Кыргыз-Москва командалары күч сынашкан.

Оюндун жүрүшү, команданын даярдыгы жана атаандашы тууралуу көк бөрү боюнча кыргыз курама командасынын капитаны Марлис Койгелдиев SUPER.KG порталына айтып берди.

«Биз бул оюнга 1 жарым ай даярданганбыз. Бүгүн орусиялыктар менен кез келдик. Атаандаштарыбыз дагы мыкты даярдыкта экенин оюнда көрсөтүштү. Оюн жакшы өттү. Эми эртең Өзбекстандан келген көк бөрүчүлөр менен беттешке чыгабыз. Буюрса, жакшы оюн көрсөтөлү деп жатабыз», — дейт Койгелдиев.

Ал эми кыргыз курама командасынын оюнчусу Сейитбек Анарбек уулу: «Орусиялыктар көк бөрү оюнун биздей болуп алмустактан бери ойногон эмес. Такшалган оюнчулары жок болгондуктан атаандаштарыбызга мүмкүнчүлүктөрдү берип жаттык. Ошондон уламбы, бүгүнкү оюн абдан жеңил болду. Эртеңки оюн чыныгы оюн болот», — деди.

Аталган команданын дагы бир көзгө басар, белгилүү оюнчусу Манас Ниязов каршылаштары мурунку оюндарга чыккандар экенин айтты.

«Орусиялыктар биздей болуп 1-2 ай даярданып келсе, оюн кызуу жүрмөк. Алар 2-3 күн эле даярдык көрүп калышты. Бүгүнкү беттешке чыккан балдар буга чейин дагы көк бөрү оюндарына катышып келген. Андыктан даярдыктарга карабай оюн кызуу жүрдү. Ал эми эртеңки финалдык беттеште өзгөчө тактикаларды колдонобуз деп жатабыз. Анткени атаандаштарыбыз күчтүү болот», — дейт ал.

Булак: Super.kg

Аргумент.kg