Көчмөндөр оюндарынын ачылышына 1,5 миң артист катышат
01-баш оона, 2018-ж // //Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарындагы ат майданында III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземиндеги театралдашкан шоуга 1,5 миң артисттин катышаары күтүлүүдө. Бул тууралуу Көчмөндөр оюндарынын Секретариаты билдирет.
Иш-чаранын режиссёр-коючусу Виктор Фельд белгилегендей, театралдашкан көрсөтүүлөрдө көчмөндөр философиясы чагылдырылат. “Театралдашкан көрсөтүүлөр жаңы технологияларды колдонуу менен уникалдуу болот. 9 эпизодду көрсөтүүдө 70 сүрөт менен көчмөндөр философиясы ачылат.
“Театралдашкан көрсөтүүлөр жаңы технологиялар колдонуу менен уникалдуу болот. 9 эпизодду көрсөтүүдө 70 сүрөт менен көчмөндөр философиясы ачылат. Театралдашкан көрсөтүү дүйнө көчмөндөрүнүн уникалдуу мураскери кыргыздардын улуу эпосу “Манас” жана залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгы менен байланышкан. Бүгүнкү индустриалдык коомубуздун принциптери, көчмөн каада-салттардын бүгүн да жашоодо актуалдуу экендигин ачып берүү демилгеси камтылган”, — деп баса белгиледи Виктор Фельд.
Көрсөтүүлөрдө түрдүү жанрлардын артисттери жана цирктин, драм театрдын, балеттин өнөрпоздору, каскадёрлор жана музыканттар катышышат. Театралдашкан шоунун артисттери бардык талаа мейкиндиктерин, ал тургай жөө жүргүнчүлөр өтө турган жолдорду да колдонушат. “Артисттик өнөр бардык жерлерде өтөт. Бул жылы көркөм театралдаштыруу жарыгы көп болот. Коноктор чыныгы театрда жүргөндөй сезимде калыш үчүн ат майдан талаасын чыныгы өнөр секисине айландырабыз. Лазердик шоу да өтөт»,-деп белгилешет секретариаттан.
Айта кетсек, мындан сырткары, ар кандай көрсөтүүлөргө 3 деңгээлдеги сахна колдонулат. Театралдашкан көрсөтүүлөргө арналган кооздуктардын массивдүүлүгү көрүүчүлөргө жана теле көрүүчүлөргө жаңылык болот. Анткени талаада артисттер гана эмес, декоративдүү кооздуктары жылып турат. Шоунун бирден-бир кооздугу чоң ансамблдин музыканттары болот.
Эскерте кетсек, театралдашкан көрсөтүүлөргө атайын изилденген, атайын көчмөндөр оюндары түшүрүлгөн, руху чагылдырылган кийимдер заманбап доор менен айкалыштырылып тиктирилүүдө. Кийимдер бардык элдерге тагыраак айтканда бардык улуттарга түшүнүктүү болот. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында ар элдин парады жана катышуучу-өлкөлөрдүн чыгармачыл жамаатынын көрсөтүүлөрү коюлат.
Булак: Zaman.kg