Клара Сооронкулова: Ташиевге ыраазычылык! Дүйнө алдында төрагалык беделин сактап калды
11-үчтүн айы, 2022-ж // // Айпери ОсмоналиеваКлара Сооронкулова УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге ыраазычылык билдирди. Бул тууралуу ал өзүнүн Фейсбук баракчасына жазган.
«Камчыбек Ташиевке чоң ыраазычылык, күнөөсүз жараныбызды бошотуу менен дүйнөлүк коомчулуктун алдында жалпы элибиздин намысын, өзүнүн УКМКнын жетекчиси катары беделин сактап калды», — дейт ал.
Сөз Казакстанда террорист катары кармалган кыргызстандык музыкант Викрам Рузахуновдун бошотулушу боюнча болуп жатат. Ал бүгүн бошотулуп, учурда Кыргызстанга келе жатканы айтылууда.