Китепкананын казынасына кол салган Нуржан Иманкулова жазасын алабы?

Китепкананын казынасына кол салган Нуржан Иманкулова жазасын алабы?

22-чын куран, 2023-ж // Саясат // Айпери Осмоналиева

2021-жылы Алыкул Осмонов атындагы борбордук китепканага директор болуп дайындалган Нуржан Иманкулова тууралуу жазганбыз. Китепкана системасында бир күн иштебеген бул айымды өмүрлүк жолдошу, мурдагы депутат Самат Ибраев колдоп дайындаткан да. Болбосо китепкана тармагын билбеген мындай адисти кайдан “таап” алышты? Булардын баласы элдин 500 миң доллар акчасын алып, бербей качып жүрүп, үстүнөн иш козголуп, азыр абактабы? Эми анын энеси Нуржан Иманкулова иштегенине бир жыл болбой жатып, китепкананын 3 миллион сомун “сугунуп” койгону кабарланган. Башкы прокуратура ишке чекит койбойбу?.. Мекеменин жалпы шарты начар, жертөлөсүндөгү китеп сактоочу жайлары караңгы, директор Нуржан Иманкулова “акча жок” деп алаканын жайып, лампочка койдурган эмес. Ал эми каталогдорун санарипке өткөрбөптүр, окурмандар китепканада 100 жыл мурдагыдай эле картотекадан чыгармаларды издешет. Директор болсо аларга бөлүнгөн бюджеттин акчасын жеп, ал аз келгенсип, китепкананын ичине намазкана да ачып, элде жок жорукту баштаган. Китепкана үчүн эч нерсе жасабай, анын казынасына кол салган директор иштен алынабы, же өз билгенин кылып жүрө береби?

«Азия Ньюс» гезити