Киши колдуу болгон Чыңгыз Жумагулов акыркы сапарга узатылып жатат

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Бүгүн, 1-августта Ысык-Ата районундагы Ичке-Суу айылында Чыңгыз «Дөө» Жумагулов акыркы сапарга узатылып жатат.

30-июлда Бишкектеги №21 абакта Чыңгыз Жумагуловдун сөөгү табылган.

Жаза аткаруу кызматы кримтөбөл Чыңгыз Жумагуловду («Чыңгыз дөө») Бишкек шаарындагы №1 тергөө абагында отурган камералашы касташкандыгынан улам өлтүргөнүн билдирген.

Жумагулов Чыңгыз Адашканович 1981-жылдын 16-сентябрында Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Ичке-Суу айылында туулган. Убактылуу камакка алынган Чыңгыз Жумагуловго кол салуу 30-июлда күндүз болгон.

41 жаштагы Жумагуловду июлдун ортосунда кармап, Бишкек шаарындагы №1 тергөө абагына киргизген. Кримтөбөлгө уюшкан кылмыштуу топту түзгөн жана бизнес адамдарынан акча талап кылган деген күнөө коюлган.

8-июлда Бишкектин четинде, Аламүдүн району тарапта анын автоунаасы аткыланганы боюнча маалымат тараган. Жумагулов жана анын жанындагы кишилер качып кетүүгө үлгүргөн. Ал эми күч түзүмдөрү кримтөбөлдү кармоо боюнча операция болгонун төгүндөшкөн.

Кылмыштуу топтун бул активдүү мүчөсүн Кылмыш кодексинин ар кыл беренелери менен бир нече ирет кармап, соттошкон. 2018-жылы аны эки кишини катуу сабап салган деген шек менен кармашкан. 2020-жылы сот аны күнөөлүү деп таап, беш жылга эркинен ажыраткан. 2021-жылы кылмышкер кайрадан эркиндикке чыккан.

Аргумент.kg