Кийинки келчү депутаттар азыркылардан да «хуже» болот

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

2020-жылы боло турган парламенттик шайлоо азыркы жаңы кабыл алынган шайлоо кодекстери менен өтөрү белгилүү.
Эске сала кетсек буга чейинки шайлоолордо регионалдык барьер 5 пайыз болгон болсо, бул жолу 9 пайыз болот. Ушул кодекстер тууралуу суроого Нарын шаарында болуп жаткан жолугушууда депутат Рыскелди Момбеков жооп берип жатып, кийинки чакырылышта келген депутаттар бизден да «хуже» болот деди.
«Бизди да шайлаган эл болгон, бирок шайлоодо өзүңөр алдангансыңар. Чынында шайлоо кодекс боюнча өзгөртүү болуп жатат. Мен буга аябай нааразымын. Азыркы жаңы шайлоо кодекси менен келе турган кийинки шайлоодогу депутаттар бизден да хуже болот.
Анткени, жалаң байлардын, банкирлердин, базаркомдордун, бандиттердин парламенти болот. Бул өтө коркунучтуу кодекс. Бизбин үнүбүз жетпей калды. Конституцияда «КРнын жараны шайлоого жана шайланууга укуктуу» деп жазылып турат. Бирок, анда партия деген жок да. Партияны шайланууга укуктуу деген деги эле барбы? Жок. Силер партияны шайлап атасыңар. Партия ичине адамдарды тандап жатат. Бул шайлообу же тандообу? Бул таза саясий коррупция. Коррупция деп ушуну айтат» — деди депутат.
Булак: «Факты.кж» 

Аргумент.kg