Эстрада ырчысы, “Томирис” продюсердик борборунун жетекчиси Кенже Дүйшеевага «КРнын эмгек сиңирген артисти» наамы берилди. Бул тууралуу президенттин расмий сайтында жарыяланган жарлыкта айтылат.
Жарлыкта, «Кыз-Бурак» тобунун экс-солисти, учурда “Томирис” продюсердик борборун жетектеп жаткан ырчы Кенже Дүйшеевага да наам берилгени көрсөтүлгөн.
“Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти” деген ардактуу наам төмөнкү маданият өкүлдөрүнө да берилди:
Ахмедов Абдикерим
Султановичке
– обончу, ырчы, Ош мамлекеттик университетинин искусство факультетинин окутуучусуна;
Дүйшеева Кенжекан Шамшиевнага – “Томирис” продюсердик борборунун жетекчисине;
Карыбаев Аскарбек Акматовичке
– обончу, композиторго;
Касымбеков Ильичбек Тезековичке – М. Жангазиев атындагы Кыргыз мамлекеттик куурчак театрынын сахна чеберине;
Осмоналиев Токтомуратка – Т. Тыныбеков атындагы Жалал-Абад облустук филармониясынын комузчусуна;
Шеркулов Намазбек Камчыбековичке
– комузчуга;
Булак:маралфм