«КЕНЕН ЖАШАП» КӨНГӨН ЖОГОРКУ КЕНЕШ БИР ЖЫЛДА 762,6 МИЛЛИОН СОМ КОРОТКОН

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Кенен жашап көнгөн Жогорку Кеӊештин депутаттары бюджеттин түбүнө жетеби?
Жогорку Кеӊештин алтынчы чакырылышы ачкөздүк жагынан эч кимди алдына салбай калды. «Бардык жакшы нерселер Жогорку Кеӊешке» деп түшүнүп алышканбы, айтор  өп-чап бюджетти «кемирип» бүтүштү .  
Мамлекеттик сатып алуулар порталынын маалыматына көз жүгүртсөк, ар бир сатып алуулардын баасы жогорулатылган. Карапайым калкты билбей калат деп ойлошсо керек. Мындай сатып алуулардын катарында Жогорку Кеӊешке сатылып алынган видеокамераларды айтсак болот. Аларды сатып алуу боюнча тендерге  үч компания катышкан экен. Алардын бири «Лэвэл»  ОсООсу бул жабдууну  10,5 миллион сомго, «Sound KG»  ОсООсу  9,9 миллион сомго баалаптыр.Эӊ эле жогорку бааны  кыргыз-сингапур-америкалык «АПЕКС»  ОсООсу коюп, 11,9 миллион сомго баалаптыр.

Ага карабай, Жогорку Кеӊеш жыйындар залына     видеокамераларды сатып алууга так ушул компания менен  келишим түзүптүр. Маалыматтарга караганда, «АПЕКС» ОсООсун негиздөөчүлөрүнүн бири Данил  Низовский. Ал кадимки №61-мектептин директору   Юрий Низовкийдин уулу экендиги айтылууда. Ошентип 12 миллион акчаны  Жогорку Кеӊеш видеокамерага эле салып коюп карап отуруптур.
Ал эми «Кенен жашап» көнгөн Жогорку Кенеш 2017-жылы    762,6 миллион сом короткон. Бул маалыматты каржы министрлиги тараткан. Өзүнөн ким эле аясын, каражаттын көбү, тактап айтканда 474,05 миллион сом айлыкка эле кеткен.     Негизги айлык 156 миллион  сомду түзсө, ага кошумча төлөмдөргө 221,5  миллион сом коротулуп, ал эми, 92,7миллион сом айлыкка кошулган.

 Керектөөлөрдү сатып алуу жана тейлөөгө  89,9 миллион  сом, социалдык төлөмдөргө 72,8 миллион сом коротулган. Кызматтык иш сапарларга   18,1 миллион  сом, автоунаа жана жабдуу сатып алууга 22,8 миллион  сом,  байланышка  9,6 миллион сом чыгымдалган.

Бул жетпей калгансып,  Кытайдан техникалык грант катары   1 миллион сомдон ашуун каражат алынган. Жогорку Кенештин өкүлдөрүнүн актанганына  караганда бул жардам Жогорку Кеӊештин аппаратынын иш-аракетин жана парламенттин ишмердигин  жакшыртуу багытында жакшы эле салым болуптур. Буга макул болуп,  каражатты Жогорку Кеӊеш ишке керектөөгө жумшаган го десек, тизмеде «жаман аялдын  оокатындай» болуп эмнелер гана жок. «Салмагы сайдын ташындай болгон» эл өкүлдөрү отура турган креслолорго амортизаторлор, арабанын дөӊгөлөктөрү, электрочайниктер, телевизорлор, кол кургата турган жабдуулар,  болгарка, перфоратор сыяктуулар. Мындан башка тизмеде жумшак мебелдер, бир нече китеп салган шкафтар, журнал кое турган столдор жана башкалар бар экен.
Минтип өздөрүнө келгенде каражат аябаган эл өкүлдөрү бюджетти талкуулоо учурунда бир тыйындан санап, социалдык тармактарга каражат бөрүүдө кызыл чеке болуп кетишет эмеспи. Мындан улам, “өзүм дегенде өгүздөй эле күчүм бар» дегендей, өздөрүнө келгенде каражат аяшпайт экен.
   Булак: Каганат.

Аргумент.kg