Кемпир-Абад Өзбекстанга кетти дегендердин тилеги таш капты

Кемпир-Абад Өзбекстанга кетти дегендердин тилеги таш капты

10-тогуздун айы, 2022-ж // // Айпери Осмоналиева

Бийлик дегенде түн уйкусу бузулуп, көңүлү карайып, эч жакшылыкты көргүсү келбей калгандарга дагы сокку болсун.
Кемпир Абатты бетине кармашчу дайыма бийликке асылаарда…

«Азыркы келишим боюнча жээгинде эмес, үстүндө кайык менен жүрө алабыз!

Кемпир-Абад кай жерде жайгашканын билбегендер деле эксперт болуп жатышат.
Өзбекстан менен чек араны тактоонун жыйынтыгы Кыргызстанга пайдалуу болуптур.
Унгар-Тоо, Гавасай толугу менен бизге өтүптүр. Мындан тышкары 500 гектар тилке Өзгөнгө, Сузакка 500 гектар жаңы жер алыппыз. Кара-Сууга 100 гектар жер кошулуптур.
Суу алдында калган жер үчүн 1965-жылы эле компенсация алыппыз. Мындан ары деле суу басып жата берет, колдоно албайсың. 908 горизонтту 900гө түшүрүптүр.
Жээктен 1246 гектар жер бошоп, ал дагы Өзгөндүктөргө тийиптир. Плотинаны мурда Өзбекстан көзөмөл кылса, мындан ары 50/50 көзөмөл болот.
Мындан артык кандай чечилиш керек? Адахан Мадумаров жаңы саясатка аралашып жүргөн кезде «Кемпир-Абаддын жээгине бара албай калдык, өзбек чек арачылары элди кармап кетип жатат»-деп Акаевди сындап, ыйлактап кыйкырчу.
Азыркы келишим боюнча кенен жээгинен балык кармап, суу үстүндө кайык менен дагы сейилдесе болот.

Баткен, Жалал-Абад, Ош менен чектеш аймактардагы талаш жерлер бүт Кыргызстанга өттү. Билип билбей эле кыйкырып, бузукулардын тилине кирип жаткандар эми тынчыгыла.

Бир Өзгөндүн кызыкчылыгы деп, бүткүл Кыргызстандын кызыкчылыгынан айрылып калбайлы? Чек ара чечилбеген үчүн тажиктер менен согушуп, кан төгүлүп жатат. Бир кошуна менен согуштук абалда турабыз, Өзбекстан менен тынч чечилип жатканда чыр чыгаргысы келген ички душмандарга азгырылбасак!

Мамлекеттин позициясын колдоп, Өзбекстан менен чек арага чекит коюп, Тажикстан менен талаш аймакты такташпасак болбойт. Азыр дүйнө тынч эмес, чагымчылдарга азгырылбайлы!»
Ушул маалымат менимче Кемпир Абатты бетине кармагандарды чокудан ары бир тарткандай эле болор. Экинчи ал тууралуу ооз ачкыс болор!

Керки Кылыч