Келининин сыйын көтөрө албай уят болгон кайын эженин окуясы

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Шарды токтобой үйлөй берсе эмне болот? Жарылат, туурабы? Жарылаганда үнү ушунчалык катуу чыгат дейсиңер, жүрөгүң түшүп, отуруп каласың. Бирок, баарына өзүбүз күнөөлүбүз, убагында токтош керек болчу. Турмушка эрте чыктым. Бир айдан кийин эле күйөөм экөөбүз Россияга иштегени кеттик. Көп өтпөй боюмда бар экенин билдим. Ай-күнүм жакындап калганда кайтып келдик. Бул учурда экөөбүздүн урушубуз көбөйдү. Ажырашып тындык. Кызымды көтөрүп ата-энемдикине келдим. Атам «бир кесиптин ээси болуп кал» деп, чуркап жүрүп окууга киргизди. Үч жылдан кийин аяктап, иштей баштадым. Ошентип жылдар өтүп, жашоо улана берди. Баса, күйөөм кызынан кабар алганы бир да жолу басып келген жок.  Ата-энем келинин «кызым» деп эркелеткен сайын ачуум келет. Жалгыз иним маңдайы жарык сонун кызга үйлөндү. Бирок, келиним «эжелеп» сыйлап турса дагы жактырбадым. Берген чайын жөн ичпедим. Кеңеш берип колдогондун ордуна, жасаган жумушунан кыйкым таап, элдин көзүнчө басынттым. «Аялыңа мындай мамиле кыл, болбосо

башыңа чыгат» деп иниме акыл үйрөттүм. Кызым «жеңелеп» жанына барса, кызганып башка бөлмөгө алып кирип кеттим. Апамдардын «кой» дегенин укпадым. Үй-бүлөмдүн алдына сыйымды жогото баштадым.

Акыркы чек ата-энесине сөз тийгизгеним болду. «Эже, сизди сыйлаганым үчүн ушунча чыдадым. Бирок, ата-энеме сөз тийгизүүгө акыңыз жок! Ынтымакта жашоону каалабайт экенсиз. Макул, баары сиздикиндей болсун. Мындан ары мен унчукпай кое албайм!» Жаркылдаган келинибиз бар эле. Мүнөзү өзгөрүп, кабагы бүркөлүп калды. Үйдөгү атмосфера башкача боло түштү. Иним мени көргүсү жок. Апамдардын дагы мага болгон мамилеси сууп калды. Кыскасы, баарын буздум. Ар кимдикине кийлигишпей, өз жашоомду курууну чечтим. Бөлүндүм. Кетип баратып келинимден кечирим сурадым. Ак көңүлүм десе, кечирди. Азыр экөөбүз эң жакын курбубуз. Үйгө барган сайын сыйлап тосуп алат. Ата-энем, иним дагы бактылуу. Аларды көргөн сайын, катамды моюнга алып, туура жолго түшкөнүм үчүн, өзүм менен сыймктанып кетем. http://bilesinbi.kg

Аргумент.kg