Келинимди кетиргим келбейт бирок уулум да балалуу болушун каалайм

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Эки кыздан кийин бир уулду болгом. Уулум эки айга толгондо жолдошум кырсыктан каза болуп калды. Үч баланы жалгыз эрезеге жеткирдим. Кыздарымды турмушка узаттым, уулума жакшы аял туш болду. Келиним оокатка тын кабагы ачык, орус мүнөздүү болуп чыкты. Оюнда болгонун балп этирип айтып, таарынса таарындым деп бир аздан кийин кайра жазылып кетет. Биздин үйгө келгени үйумө бакыт кушу конгондой болду. Жумуштан келсем жылуу тамагы, чайы даяр, апалап тосуп алат. ошентип билинбей беш жыл болду. Бирок уул келини балалуу боло алышпай койду. Келиним төрөй албайт экен, бирок кетиргим келген жок. Уулум болсо ушундан кийин үйгө токтобой түндөп келип, кээде келбей да калып жатат. Мындайда келинимдин кирпигине көз жаш тамчылары байкалып калат. Көрсөм да көрмөксөн болуп жашап жатам. Келинимдин жакшы көрөм кетиргим келбейт, бирок жалгыз уулум балалуу болушу керек. Эки ортодо жүрөгум тн экиге бөлүнүп турат.

Аргумент.kg