Келиним менин тиш жуугучум менен унитаз жууйт экен

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Саламатсыздарбы, мен чынында эле катаал кайненемин. Тазалыкты жакшы көрөм, талабым күч. Үйдө балдарымдын акчасын да мен кармайм. Бирок келиндеримди, неберелеримди эчтекеден кем кылбай, каалагандай кийинтем. Мындайча айтканда, айрым кайненелердей келинди экинчи орунга коюп, бир нерседен аксатпайм. Эки уулум бар. Жашым 56га келип калды. Үй-бүлөлүк бизнесибиз бар. Эки уулум ошондо иштейт. Экөөнүн үйү жанаша. Анткени улуусуна да кошунанын жер тилкесин сатып берип заңгырата там салдык. Эки үйдө бардык шарт бар.

Келиндерге жамандык каалабайсың. Тың, таза болсо деген тилек. Мойнума алам, туура эмес кылгандарын көрсөм катуу урушам. Кире беришти кайра-кайра жууп туруусун талап кылам. Келиндерим унчукчу эмес. Тилегим ак экенин, эч нерседен кем кылбай карап жатканымды түшүнсө керек дечүмүн. Бирок кичүү келинимдин бир кылыгын көрүп жаман болдум. Анын алдында мен катуу урушуп салгам. Анан унчукпай эле кабагын бүркөп оокатын кылып жүргөн. Байкоосуздан санузелге кире калсам, келиним менин тиш жууган щёткам менен унитаздын ичин жууп жатыптыр. Мени көрүп чочуп щётканы ыргытып жиберди. Мен нес болуп туруп калдым. Анан жиним келип урушсам, ыйлап төркүнүнө кетип калды. Балама да айткан жокмун. Экөөнүн ортосунда ажырашууга чейин чуу чыгып кетпесин деп ойлодум. Анткени балдарым мени сыйлашкандыктан аялдарына катуу тийип коюшу мүмкүн. Келиндеримдин негизи жаман деле кылыгы жок, бирок аларды кызымды урушкандай эле өз кишимдей урушчумун. Демек, буга чейин да ушинтип жүргөн экен да. Ушул кылыгынан кийин мени кандай жаман көрөрүн билдим. Абдан жаман болуп жатам. Мындан көрө айтышканы жеңил тиймек. Баламды ажыраштыргым келбейт, бирок мындай келин менен кантип жашайм? Карыганда кантем?

Булак: @sputnik

Аргумент.kg