Келинибиз бир саатка кайда жоголчу экенин билип каткырдык

Келинибиз бир саатка кайда жоголчу экенин билип каткырдык

26-үчтүн айы, 2023-ж // Без рубрики // Айпери Осмоналиева
— Дагы жокпу?
— Чайы муздап калды го, келип ичип алса кана…
— Азыр апа карап келейин.
Күн алыс келинибизди издеп калабыз. Бир
сааттай жок болуп кетет. Кайда барганын сурагандан тартынам. Эми чоң эле кишиден
отчет алмак белем. Болгону кабатырмын. Бир нерсе болсо ата-энесине эмне дейбиз. Туурабы?
Шашып кирип келди. «Кызым, баары жакшыбы?» дедим. Башын ийкеди. Тамак
жегенди уланттык.
Уулум экөө баш кошконуна бир ай боло элек. Көнө албай жатса керек, бечарам. Жашынып
ыйлаган жокпу дейм. «Апаңа чалып,

кааласаң барып турагой» деп улам айтам.

Өзү дагы тартынчаак неме экен, бизге ачыла албай жатат. Мен колумдан келишинче
сөзгө тартам. Абышкам да улам бир нерсени айтып, маанайын көтөрөт. Келин алып
көрбөгөн жаныбыз, эмне кылышты деле
билбей калдык.
— Ай, бала! Бери кел!
— Эмне болду апа?
— Эмне болмок эле, келиниме бир нерсе деп жатасыңбы?
— Эмне демек элем?
— Анан эмне жок болуп кетет? Ыя?

— Мен кайда билем?

— Ушу сени төрөгөн мен куруюн! Мен кайдан
билем дебей, акыбалын сурап, баары жакшыбы бил да, аял сен алдыңбы же
менби! Бала болбой сени!
Уулум каткырып кирип келди. Сыртта алма туурап отургам. «Апа, келиниңиз боорумду эзди» деп токтоно албай күлөт. Күтүп
отурдум.
— Биздин үйдөн дааратканага чоңго баргандан уялып, тиги мурда турган батирине барчу экен.
— Анысын «ховяйкасына» тапшыра элек беле?
— Бир айдан кийин бермек, төлөп койгон,
убактысы бүтө элек экен.
— Ай, балам ай, тартынган тура жаш неме. А сен күлбө, тур ишиңди жаса.

Күлгөн боюнча кетти. келиним окуусунан

Күлгөн боюнча кетти. Келиним окуусунан
келди. Өзүмө чакырттым.
— Кызым, мен деле келин алып көргөн
эмесмин, сен деле кайын эне эмне экенин биле элексиң. Кел, бири-бирибизге жакын
болуп, тартынбай, ачык жүрөлү. Бул сенин үйүң кызым, каалаганыңды жаса. Эч нерсе
дебейм. Тартынба. Биз деле сага окшогон
адамдарбыз. Кайын атаңды көрдүңбү, ал
бизден шайыр киши. Кыскасы, бул жерден
зерикпейсиң. Тиги балам, бир нерсе десе айт, кислородун бууп коем.
Күлүп жиберди.
— Апа, мен дааратканага баргандан тартынып жүрчүм. Ошону сизге айталбай убара элем.
— Анан шаарга жөнөчү беле?
Экөөбүз бири-бирибизди карап күлүп кирдик.