Келинчегимди кетиргенден кийин тукумсуз экенимди билдим

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Сыртка чыктым. Бир аз ойлонуп турдум. Машинамды кайда койдум эле? Таап барып рулга отурдум. Айдаган деле жокмун. Рулду чаап, чаап жибердим. Башымды катуу мыкчыдым. Ошо… Укпадым. Сенин жалдырап караганыңды эсепке албадым. Сени гана күнөөлөдүм. Жанымда жаткан сага эмес, жалган сөздөргө ишендим. Мен ката кетирдим. Себиңди өз колум менен жүктөп бердим. Кызык болду. Эч кимге айтпай бейтапканага келдим. Анализ тапшырдым. Уялдым. Жаман уялат экенсиң. Медайымдан уялганымды айтпагыла. Чыгып кеткиче шаштым. Уролог ойлуу. Кагаздарды карады. Башын тырмады. Дагы анализ жазып берди. Медайымды экинчи көрбөйм дегем. Кайра бардым. Дагы уялдым. Чыгып кеткиче шаштым. Кыскасы, күнөө менде экен. Келинчегимди сагындым. Ушунчалык өзүмдү жек көрдүм. Мени ага каршы үгүттөгөн таежемди жек көрдүм. Кайра өзүм күнөлүү экенимди билдим. Ыйлай албай кодум. Ачуумдан сыртта турган дөңгөчтөрдүн баарын жарып чыктым. Төрт саат суукка карабай отун жардым. Атам келип колумдан балтаны алды. Биринчи жолу атамды кучактап ыйладым. http://bilesinbi.kg

Аргумент.kg