Келдибеков: Камчыбек Ташиев бир принциптүү жигит, аны каралоо жүрүп жатат

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

— Ахматбек Келдибекович, саламатсызбы. Акыркы убакта Камчыбек Ташиев Америкага ыктаган саясатчы деген маалыматтар басылмаларда байма-бай чыгып жатат. Ушул боюнча сиздин пикириңизди уксак дегенбиз…

— Биз Советтер Союзунун таалим-тарбиясында чоңойдук. Орто билимди Ош шаарындагы Терешкова атындагы мектеп-интернаттынан алдык. Жогорку окуу жайын Камчыбек Ташиев Томск шаарынан, мен Воронежден бүттүм. Бул шаарларда биздин жаштыгыбыз калган, келечекке болгон максаттарыбыздын пайдубалы салынган. Студенттик курактагы группалаш, достор менен бир туугандай болуп каласың. Канча жылдан бери үзөңгүлөш жүрөбүз ал балдарын Америка, Европадан эмес Томскден окутканын жакшы билем. Ошондой эле ал жактагы достору, группалаштары менен тыгыз катташып турарын билем. Ошондуктан Камчыбек Ташиев америкалыктарга ыктап жатат деген сөздүн өзү жөн гана каралоо деп ойлойм. Анткени биз депутат кезибизде Москва, Питер өңдүү канча деген шаарларга бардык, биздин келечектеги бир гана стратегиялык эмес тарыхый коңшу, союздаштарыбыз Россия, Казахстан, Өзбекстан деген принципте жүргөнбүз. Ал эми Камчыбек Ташиев бир принциптүү жигит. Ошондуктан мунун баары максаттуу түрдө каралоо десем жаңылышпайм.

 

Аргумент.kg