Казакстанга жөнөтүлгөн жоокерлер кайтып келет
13-үчтүн айы, 2022-ж // // Айпери ОсмоналиеваАлматыга кеткен кыргыз жоокерлери 14-январда Алматыдан кайтып келет. Бул тууралуу КР Коргоо министрлигинен билдиришти.
Министрликтин маалыматына караганда, аскерлер эртең түштөн кийин «Ак-Жол» көзөмөл-өткөрүү пункту аркылуу Кыргызстанга келип, андан соң Токмоктогу туруктуу жайгаштыруу пунктуна жөнөшөт.
Өлкөнүн шаарларында абал акырындап турукташып, антитеррордук операция уланууда. Интернетке кирүү калыбына келтирилди. Касым-Жомарт Токаевдин өтүнүчү боюнча ЖККУ өлкөлөрү Казакстанга бейпилдик күчтөрүн жөнөткөн. Ал жакка Кыргызстандан “Скорпион” атайын отряды жөнөтүлгөн.