Казакстандын президентти эки элдин биримдигиндей эл дүйнөдө жок экенин айтты

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Касым-Жомарт Токаев Садыр Жапаровдун эки элдин бир туугандыгы тууралуу билдирүүсүнө карата пикирин айтты

Бүгүн, 27-апрелде Астанада Казакстан элинин ассамблеясынын XXIII сессиясы өтүп жатат.

Мамлекет башчысы Касым-Жомарт Токаев республикадагы улуттар аралык ынтымак жана тынчтык темасына арналган иш-чараны ачып жатып, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун жакында эле жазган эки элдин бузулбас бир туугандыгы тууралуу билдирүүсүнө токтолду.
«Жакында эле Садыр Жапаров кыргыз-казак элдеринин боордоштугун даңазалаган ыр тууралуу пикири чыкты», — деп баштады сөзүн Акордонун башчысы. Улуу акын Абай айткандай, кыргыз менен казактын теги жалпы экендигин эч ким талаша албайт. Мухтар Ауэзовдун кыргыздын улуу эпосу “Манасты” элге жайылтууда салымы чоң. Ал Молдо Кылыч менен Чыңгыз Айтматовго өз бир тууганындай мамиле кылган. Анткени, дүйнөдө бири-бири менен мынчалык тыгыз байланышта болгон башка элдер жок”, – деди Казакстандын президенти.

Булак:Аргумент кж

Аргумент.kg