Казакстандагы башаламандыкта өлүкканадан маркумдардын сөөгү уурдалганы ачыкталды
17-үчтүн айы, 2022-ж // // Айпери ОсмоналиеваКазакстандагы баш аламандыкта 41 маркумдун сөөгү уурдалды. Бул тууралуу Алматы шаардык полиция департаментинин башчысы Таймерденов брифинг учурунда айтканын казак басылмалары жазышууда.
“Бул күндөрү өлүкканага жети жолу кол салуу болуп, 41 маркумдун сөөгү белгисиз адамдар тарабынан уурдалганын айтты”, – деп жазылат маалыматта.
Коңшу өлкөдөгү массалык баш аламандыктан жалпы 225 адам көз жумуп, анын 175и медициналык жайларда жан бергенин казак маалымат каражаттары кабарлашат.