Казакстанда ымыркайга хижама жасаган медайым жазаланды

Казакстанда ымыркайга хижама жасаган медайым жазаланды

14-бирдин айы, 2023-ж // Дүйнө кабары // Айпери Осмоналиева

Атырау облусунда ымыркайга хижама жасаган медайымга айып салынды. Бул тууралуу BaigeNews.kz «Хабар 24» телеканалына шилтеме берүү менен билдирди.

Эске салсак, январдын аягында ымыркайдын бети кесилген видео казакстандыктарды таң калтырган. Видео текшерүүнүн жыйынтыгын Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

Эксперттер бул процедура мыйзамсыз жүргүзүлгөн деген тыянакка келишкен. Маалым болгондой, баланын бетиндеги оюктарды лицензиясы жок медайым жасаган. Мындан тышкары, анын иш-аракеттерге кирүү үчүн милдеттүү сертификаты болгон эмес. Эми адистер бул хижама борборунун ишине тыюу салууга жетишүүнү көздөп жатышат. Ведомстводон түшүндүрүшкөндөй, өлкөдө медициналык ишмердүүлүктүн бардык түрлөрү, анын ичинде элдик ишмердүүлүк да лицензияланган.