Казакстанда абал оорлоп баштады

Казакстанда абал оорлоп баштады

06-үчтүн айы, 2022-ж // // Айпери Осмоналиева

Митингге чыккандарды тазалап күч структуралары Алматыдагы эки ири оорукананы курчап алышкан. Бул тууралуу Хабар-24 маалымат агенттиги билдирди.

Маалыматта, алар оорукананын имаратына бейтаптарды жана медициналык кызматкерлерди киргизбей жатышкан. Ошондой эле бийлик  Алма-Атаны тазалоодо «террористер» карапайым эл менен балалуу аялдарды колдонуп , аларды тазалоо кыйынчылыктарды жаратып жатканын билдиришти.

Көп өтпөй оорукананы курчоого алган жокерлер коргонуу шиттерин таштап митингге чыккандарга аралашып жаткан видео тараган.

Мындан сырткары тынчтык митингге чыккандарга каршы токтотуу аракетин кылган эки күч органынын башы жок денеси табылган.

Ал эми Талды -Коргандагы акимиаттын имараты толугу менен күйуп кетти. Ал эми бул толкундоону Казакстандын мурунку премьер министри Акежан Кажегельдин Назарбаевдин кызматтан кетип жаткан мурунку кланы уюштуруп жатканын билдирген.