Каза болгон күйөөмдү көпчүлүктүн арасынан жолуктурдум

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Ал күнү демейдегидей эле азык-түлүк алуу үчүн шаар ичиндеги чоң базарлардын бирин аралап жүргөм. Эмне деген шумдук?.. Үч төрт метр аралык алысыраакта бир жыл мурун бул жарык дүйнөдөн жоготуп алган күйөөм турганын көрдүм. Ал дагы соода кылып жатыптыр. Ооба дал өзү… Мен дал болуп, дене боюмду калтырак басып, саамга өзүмдү жоготтум. Колумдагы азык-түлүк толтурулган баштыгым колумдан кандай түшкөнүн билбей калыптырмын. Ал дагы мени көргөнсүп, бирок таанымаксан болуп шарт бурулуп кете берди. Артынан жөнөдүм. Ал ылдамдай басып көпчүлүктүн арасына кирип баратты. Мен да артынан калбай “Бакыт, Бакыт” деп катуу кыйкырып да алдым. Жетип барып колунан тарттым. Ал мени бурулуп карады. Оо, Кудайым ай, мындай түспөлдөш адамды кантип жолуктурдум? Ойлобопмун. Ал Бакытка жөн гана опокшош башка адам экен. Мага суроолуу тигилди. Уялып кеттим. —Кечиресиз, мен сизди бир адамга окшоштуруп…. —Аа карындашым, андай учурлар боло берет. Эч нерсе эмес. Ал адам мага жылмая тигилип алып, жолун улап кетти. Жол бою айланамдагылар таңгалып караганына карабай, көз жашым төгүп үйгө келдим. Бейтааныш адам кийип жүргөндөй Бакытымдын курткасы үйдө илинип турат. Анын курткасын кучактап болгон бугумду чыгарып, боздоп-боздоп ыйлап жаттым…

Айнура Берикова

Аргумент.kg