
Катуу звезда болгондо акча жыйнап алсам болмок экен
26-бугу, 2023-ж // Шоубизнес // Айпери ОсмоналиеваДен соолугун болбосо, сен эч кимге керегин жок болуп калат экен. Ырчы Мирбек Иманбеков , бул туурасында Супер тв га берген маегинде билдирди.
«Катуу оорудан кийин азыр абалым жакшы , бирок ошол убакта» ушинтип эле жашоо бүтүп, ичээр суум түгөнүп калабы «деген ойлор кетти. Ден — соолук керек экен , акча байлык , бийлик жерге кирсин, ден- соолук болбосо сага эч нерсенин кереги жок, сен да эч кимге керегин жок. Ошол убакта досум, жакыным деген кээ бир адамдардын бири да жок . Кыргыз элиме ыракмат, ыраазымын»- деген Иманбеков .
Белгилей кетсек ырчынын жубайы, Бурул Иманбекова, социалдык баракчасына жолдошунун катуу ооруганын айтып жардам сурап кайрылган.
Булак: Аргумент кж