Каткенде жолдошум мага көңүл бура баштайт?

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

5 ай мурун турмушка чыкканмын Кудайга шүгүр боюмда бар, бирок  күйөөмө мен такыр жакпай колдум, аябай аракет кылам жагынып көзүнө сулуу көрүнөюн деп таза тыкаан жүрөм, ал турганча боёнуп тамагын даярдайм, эч жаман сүйлөбөйм сыйлайм, бирок жолдошум тараптан эч нерсе жок эркелетпейт » сизди жакшы көрөм» десем жылмайып эле коёт, өзүм жашмын. Мен деле эркелеп күйөөмө мактоо уккум келет, өзү оор басырыктуу адам баардыгы ичимде деп коёт, жаманымды да айтпайт жакшымды да айтпайт бир мүнөз, урушуп кетпейли, менден көнүлү калып калбасын, болбогон нерсе үчүн таарынып характеримди көрсөтпөйүн деп унчукпайм, кээде ушундай мээрим жетпеген бирок айла жоок, курсагым тоок жакшы жашайбыз, алты саным аман, башка эмне керек деп жашап келем

Аргумент.kg