Катардагы ишкерлер карайлап атканда, Улан Примов 2,5 миллион долларды бөктөрүп кетиптир

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Ушундай. Вице-спикер Улан Примов Кыргыз-орус өнүктүрүү фондусунан атасына 2,5 миллион доллар жеңилдетилген таризде кредит алып бергени ачыкталды. Эмне деген сумма? Катардагы бизнесмендер мынчалык каражатты ала алышпайт да. Баягы эле бийликке кошомат кылган чоңдордун иши жүрүшүп, теңсиздик улана берет тура. Натыйжада, Улан Примовдун алган 2,5 миллион доллар акчасы жеке байлыкты арбытуу үчүн жумшалары шексиз. Андан көрө эл үчүн жумушчу орундарды түзүү менен мамлекетке пайдалуу иш жасалганда не? Качанкыга чейин көпөстөр ашына байый беришет? Тийешелүү органдар жеңилдетилген кредиттин кайда жумшалып жатканына көңүл бөлсө… Баса, буга чейин үй-бүлөсү менен тендердин баарын утуп келсе, кызылдай эле коррупция эмеспи? Иликтенеби? Же баягы эле кайдыгерликпи?!

«Азия Ньюс» гезити

Аргумент.kg