Кашкар Жунушалиевдин туулган күнүнө кимдер барат? Жакында кармалбайт окшойт…

Кашкар Жунушалиевдин туулган күнүнө кимдер барат? Жакында кармалбайт окшойт…

05-чын куран, 2023-ж // Саясат // Айпери Осмоналиева

Апрель айында экс-министр Кашкар Жунушалиевдин туулган күнү. Чакан чөйрөдө “жүздөшүп”, айрым таасирдүү адамдар менен чер жазарын эшиттик. Былтыр да катуу майрамдаган. Бул саам туулган күнүн кандай өткөрөрү боюнча кабар алууга аракет кылмакчыбыз. (Муну окуп эле таза бекинип албаса). Эске салсак, Кашкар Жунушалиев министр кезинде Кой-Таш айылында жергиликтүү тургундарды сабатканы, Чүй ОИИБ начальниги Самат Курманкуловду башаламандыкка жөнөтүп, катуу жарадар кылганы сынга кабылган. Коргонуучу кийим, каражаттар менен өздүк курамды камсыздаган эмес. Ал эми Октябрь төңкөрүшүндө аянттан элди аттырып, Үмүттү өлтүрүп, жүздөгөн балдарды жаракат кылганы эсибизде. Алардын ичинен ондогону майып болуп калышты. Бир канча кылмыш иштерине азырынча жооп бербей, жашынып жүрөт. Издеген орган да жок. Бирок качып кутула албайт. Мыйзам иштеген мезгил келгенде, ошондо Кашкар Жунушалиевдин жоопкерчиликке тартыла турган убагы келет. Аз калды.

«Азия Ньюс» гезити