Кашкар Жунушалиевдин кайниси Айбек Ажыбаев өздүк курамы менен батышпай атат

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Качып жүргөн экс-министр Кашкар Жунушалиевдин кайниси Айбек Ажыбаев Бишкек ШИИБ начальнигинин орун басарлыгына келип, өздүк курамга кыйынсынып, баарын жазалачудай түр көрсөтүүдө. Мындайча айтканда, коллективи менен батышпай, ич ара ырк кете баштады. Бул эргул убагында жакшылык кылган жетекчисин сатып кеткени, кош стандарттуулугу, эки жүздүүлүгү кийин көндүмгө айланганбы? Айтор, тажрыйбасы жагынан шек жараткан Айбек Ажыбаев кечээ жездеси Кашкар Жунушалиевге таянып жүрсө, бүгүн кимдин этегин кармаган? Такыр түшүнүп болбойт. “Бир карын майды бир кумалак чиритет” деген накыл кепти эрксизден эстейсиң да. Мындайлар көпкө узабас эле…

«Азия Ньюс» гезити

Аргумент.kg