Кашкар Жунушалиев так позициясын билдириши керек

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

ИИМ министри Кашкар Жунушалиев учурда эң оор кырдаалда турат. Анын позициясы да так болбой жатканы белгилүү. Учурда коомчулук тарабынан сын-пикирлер  көп айтылууда. Экс-президент Алмазбек Атамбаевге карата жасап жаткан мамилеси да бир топ нааразычылыктарды жаратууда. Ак үй тараптан Кашкар Жунушалиевге коңгүроо кагылып,»колуңан кокон тыйын келбегенден кийин кетип эле кал» дегендей коңгуроо кагылган экен. Эмне кылаарын билбей Чүйдүн өйдөңкү айылдарына спорттук оюндарды уюштуруп бериптир. Акчалай сыйлыктар да берилди дейт  утушка ээ болгон командаларга. Бирок анысынан деле эч кандай майнап чыккан эмес. Экс президент Алмазбек Атамбаевге да ачыктан ачык каршы чыга албайт. Анткени, жердиги бир. Эртең эле жергиликтүү жаштар ыдык көрсөтүп коюшу мүмкүн. Анын үстүнө Бишкек менен Чүйдүн милициясында иштеген кызматкерлерге мыйзамсыз буйрук берилсе иш тандоого даяр болуп турушат. Анткени аларда тажашты. Мыйзамсыз буйрукту аткаруунун жыйынтыгында Конгантиев менен Суталиновдун кейпин кийип калгылары келишпейт. Бул эки генерал  күч орган кызматкерлерине аябагандай чоң сабак болду көрүнөт. Мунун баарын эске алганда азыркы учурда Жунушалиевдин акыбалы анчейин эмес  болуп турат…
БУЛАК:Ачык саясат

Аргумент.kg