Карызынан качып чек арадан мыйзамсыз өтүп

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

ИИМ: Кыргызстандын чек арасынан мыйзамсыз өткөн Казакстандын жараны кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын кызматкерлери мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча жүргүзгөн иш-чарасы учурунда чет өлкөлүк жаран бир нече жолу мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өткөндүгү жөнүндө маалымат алышкан.
2022-жылдын 15-март күнү жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында Бишкек шаарынын аймагынан Казакстан Республикасынын жараны 1969-жылы туулган З.Ф. кармалган.
Жаран З.Ф.нын айтуусунда, ал 2019-жылы Казакстан Республикасындагы компанияларга ири суммадагы акча каражатын карыз болуп калгандыктан жана аны төлөөдөн качуу максатында 2019-жылы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасынан мыйзамсыз өткөн.
Алынган маалымат боюнча, жаран З.Ф. Кыргыз Республикасына келгендиги тууралуу маалыматтар жок.
Бул факт боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 378-беренесинин 1-бөлүмү (Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү) менен кылмыш иши козголду.
Азыркы учурда кошумча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.

Аргумент.kg