Карызын бербеш үчүн курбусун бычактап тоноп кеткен…

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Узак убакыт бою жабылбай келген тамышмактуу өлүмдүн сыры беш жыл дегенде араң ачылды. Кош бойлуу аялдын сөөгү мындан беш жыл мурун, тактап айтканда 2015-жылдын 23-майында “Стеклозавод” кичи районунун борбордук көрүстөнүнөн табылган. Маркумдун көкүрөк тушунда бир нече жолу сайылган бычактын издери болгон. Кылмыш иши канчалык тыкыр каралганы менен кырк жаштагы аялдын өлүмү табышмак бойдон калган. Кылмышкер беш жыл бою изделип бирок натыйжа берген эмес. Ар түрдүү божомолдорду айтышкан бирок өлүмгө туура келген эмес. Акыры анын өлүмүнө шектүү өзү менен бирге иштеген коллегасы болуп чыккан. Анткени күбө катары баарын суракка алышканда 54 жаштагы Светлана аттуу эмгек жамааты акыркы суракта адашып сөздөрү дал келбей калган. Маркумдун кийинчерээк табылган мобилдик телефонундагы чалууларда Светланадан башкаларга бир нече жолу чалган. Ал эми Светланадан сураганда жумуштан номер алышып беришкенин бирок көп сүйлөшпөй турганын айткан. Чын чынына келгенде Светлана Маркум Мария менен улан-Удэдеги соода борборунда бирге иштеп калып таанышышкан. Бул достуктан улам кыйналып турган Светлана Мариядан карызга 60 миң рубль алган. Убагы келгенде деле алган акчасын берүүнү каалаган эмес. Күндө кийинки күнү же бир жумадан кийин айлыгым тийгенде деп артка тарта берген. Карыздан кутулууну аракет кылган Светлана Марияны каза болгон жолдошунун көрүстөнүнө барып келүүсүн суранат. Курбусунун өтүнүчүн четке кага албаган Мария барган. Ал жерден күйөөсүнө койчуларын коюп, айтчу сөздөрүн айтып бутушкөндөн кийин Светлана атайы ала келген бычак менен бир нече жолу сайган. Качан Мария дем албай калганда анын сөөгүн токулган гүлдөр менен жаап жашырып, калган акчасын жана буюмдарын алып койгон. Сөөктү ү жумадан кийин көрүстөнду караган кароолчу таап, милицияга кабарлаган. Ал эми кылмышка шектүү Светлана учурда тергөө абагында.
ARGUMENT.KG

Аргумент.kg