КАРЫШКЫРЛАР ҮЙҮРҮ АЙЫЛГА КИРИП, КОЙЛОРДУ ЖЕП КЕТИШТИ

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Суук түшкөнү Кыргызстандагы алыскы, тоолуу аймактарда карышкырлар күч алды. Түп районуна караштуу Шаты айылында 10 койду карышкыр жарып кетти. 
Шаты айылынын тургуну Нурлан аттуу жергиликтүү тургун 6-декабрга караган түнү койлорун сарайга киргизбей калган экен. Үйүнө жакын жерде аларга карышкыр тийип, 10 коюн жарып, төртөөнү жеп кетиптир. Ошондон бери жергиликтүү эл карышкыр атууга чыгып жатышат. Айылдагылардын эсеби боюнча ал жакта 5 үйүр карышкыр болушу мүмкүн. Азыр аларды жок кылууга мүмкүн болбой жатканын айтышууда, айыл эли.

Аргумент.kg