Карыган адамды темир таяк менен сабаган жаран кармалды
12-үчтүн айы, 2022-ж // // Айпери ОсмоналиеваКарыган адамды темир таяк менен ур токмокко алган жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматта, 10-январь күнү түштөн кийин Ленин айылында жолдо кетип бара жаткан жеринен 64 жаштагы жергиликтүү тургунга белгисиз жаран себепсиз кол салып ур-токмокко алган. Алган жаракаттан улам тез жардам менен ооруканага жеткирилген.
Чүй ОИИБдин жана Аламүдүн РИИБдин ыкчам кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары 1959-жылы туулган З.А. кармалды. Учурда иликтөө иштери уланууда.