Кардын алдынан 59 жаштагы жарандын сөөгү табылды

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Ошто кардын алдынан 59 жаштагы жарандын сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайыке, Алай районунун Ленин айыл өкмөтүнө караштуу Мурдаш айылынын Т.К. аттуу тургуну мал издеп айылдан 3 чакырым алыстыктагы тоого чыгып, тоодон кар көчкү басып калган.

Жерине издөө иштрине жүргүзүү үчүн Алай райондук №68 ӨКБдан 21 куткаруучу, ИИМден 4 кызматкер жана жергиликтүү тургундардан 20 адам тартылып, кар көчкү басып калган эркек кишинин сөөгүн алып чыгып, Ички иштер министрлигинин кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Аргумент.kg