Караңгыда мени көрбөй сүйлөшкөн кайын атам менен кайын энемдин сөздөрү ыйлатты

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Бул күнү маанайым аябай түштү. Келген коноктор мени капа кылып кетишти. Эрте эле жатып алдым. Күйөөм акырын келип жаныма сүйүктүү шоколадымды коюп койду. Аны дагы карабадым. Көзүм жумулуп турган менен жаш агып жатты. Түндө туалетке баргым келип ойгондум. Туалет сыртта. Свети кайдан күйөрүн билбейм. Айылга кайын энем менен кайын атамдан кабар алганы же жардам бергени эле келебиз. Өзүмдүн деле бул үйгө келгениме эки ай боло элек. Сыртка чыксам Шарик үрдү, мени таанып кайра ордуна барып жатып алды. Ачууланып чыкканымдан коркуу сезимин жоготуп койгон окшойм, огороддун башындагы туалетке кантип жеткенимди билбейм. Бир маалда сарай жакка эки киши кобурашып басып келди. Сырт караңгы эч нерсе көрүнбөйт. Жакшылап уксам кайын атам менен кайын энем экен. Үнүмдү чыгарып коеюн дегиче болбой, мен жөнүндө сүйлөшүп башташты. — Йа кемпир, келин аябай капа болуп уктады. Тиги эжелериң туура эмес кылды. — Ос — Ооба, эрте эле жатып алды. Балаң дагы эптеп сорото алган жок окшойт. — Жаш неменин жасагандарын жактырбай кетишти. — Ай антпей эле, эжем ал айткан кызды келин кылбаганыбыз үчүн жаш неменин көңүлүн оорутту. Ошол эжемдин кыялы өттү. — Айтсаң боло, унчукпасын. Келин байкуштун шагы сынды. — Жана чалып уруштум. Экинчи келиниме тийбегиле дедим. Уулум жактырып алса, биз эмнеге сүйүнбөйлү. — Келинге эртең жакшы көргөн тамагын жасап берчи. Маанайы көтөрүлүп калсын. Мен тиги жаңы төрөлгөн козуну ага энчилеп коеюн. Экөө чакасына тезек толтуруп, аркы- беркини сүйлөшүп үйгө жөнөштү. Экөө уйку жокто конок үйгө от жагып алып кобурашып отура беришет. Минтип, караңгыда мени байкабай калышты окшойт. Маанайым заматта көтөрүлдү. Үйгө учуп бардым. Көрсө кеп менде эмес турбайбы. Анан дагы кайын атам менен кайын энемдин мага жан тартканына сүйүндүм. Уктап жаткан күйөөмдү катуу кучактап өөп, алып келген шоколадын жеп алып уйкуга кеттим. Тезирээк тан атышын күттүм. Кайын энемдин тамагын жеп көрсөңөр, силер дагы күтмөксүңөр. http://Bilesinbi.kg

Аргумент.kg