Караколдун борбору мастардын жайына айланды
28-теке, 2021-ж // // Айпери ОсмоналиеваКаракол шаарынын борборунда жайгашкан «Тагай бий» атындагы сейил багында ичимдик ичип отурган жана мас абалында уктап жаткан жарандарды жолуктурууга болот. Мындай көрүнүш шаардыктардын нааразычылыгын жаратып жатканын Turmush басылмасы жазып чыкты.
Шаар тургуну Айгерим Абдрахманова төмөнкүлөргө токтолду.
«Бул эс алуу багынан мас абалда жаткандарды күндө көрүүгө болот. Жанынан өткөндөн коркосуң. Топтолуп алып, алкоголь ичимдиктерин ичип отурушкан болот же мас абалында уктап жатышкан болот. Аталган сейил бак шаардын так ортосунда жайгашкан. Элдин каттамы көп. Күч органдары, мэрия, «Тазалык» муниципалдык ишканасы көзөмөлдөп койсо жакшы болмок», — деди ал.