Караколдо көгала болуп сабалган келиндин жолдошу 6 жылга эркинен ажыратылды

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Караколдо көгала болуп сабалган келиндин иши боюнча сот өкүм чыгарды. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине жактоочу билдиргендей, кылмышка шектелген күйөөсү 6 жылга эркинен ажыратылды.

Маалыматка караганда, мындай чечимди Каракол шаардык соту кечээ, 9-августта чыгарган. Жактоочунун айтымында, соттолгон жаран жазасын күчөтүлгөн режимдеги колонияда өтөйт.

15-майда социалдык тармактарда укук коргоочу Камил Рузиев маалымат таратып, Каракол шаарынын тургуну жолдошу тарабынан дагы сабалып, оор абалда ооруканага жаткырылганын, милиция кылмышка шектүүнү камакка албай жатканын жазып чыккан. Анын айтымында, жабырлануучунун ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгенСЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Ысык-Көл ОИИБден маалымат чындыкка дал келберин, кылмышка шектүү катары анын жолдошу кармалып, камакка алынганын билдиришкен.

Аргумент.kg