Кара тору сулуу канчалык кыйкырса да, кызмат берилбейт экен

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Ыгы келсе, келбесе деле бийликти сындап, митинг, пикеттерге чыга берген бир тажаал аял бар. Клара Сооронкулова деген. Өткөн парламенттик шайлоодо “Ата Мекен” партиясына өтө калып, бирок жарытылуу добуш ала албады. Көпчүлүк колдобойт экен. Бирок “оозум бар” деп эле чоёктогон сымал сөзү бүтпөй, президент Садыр Жапаровго асыла берет. Реалдуу сындаса, алгылыктуу сунуштарын айтса, анда жөндүү эмеспи? Антпейт. Тек гана жеңил пиар алуу, “атың чыкпаса жер өрттө” мисалында дубал сүзгөндөй образ жаратат. Сооронкулова көптөн бери ишсиз жүрүп, “майлуу” кызматты эңсеп калганбы? “Сооротуп” коюш керекпи? Биздин угушубузга караганда, кара тору сулууга кызмат деле бербейт экен. Көчө оппозициясы маңдайына жазылса, арга канча?..

«Азия Ньюс» гезити

Аргумент.kg