Кара-Суунун Кызыл-Кыштак айыл башчысынын орун басары $4000 пара талап кылып, анын бир бөлүгүн алып жатканда кармалды

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Кыргыз Республикасынын УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесине (Опузалап пара алуу)  ылайык козголгон кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөн комплекстүү ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө, 2023-жылдын 11-январында талап кылынган акча каражатынын 86 миң сом өлчөмүндөгү бир бөлүгүн алуу учурунда Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айылынын башчысынын орун басары, 1988-жылы туулган  М.Б.С. кармалды. Ал жеке турак жай куруу үчүн жер тилкесин берүү боюнча мурда чыгарылган токтомун жокко чыгарам деп коркутуп, жергиликтүү тургундан 4 миң АКШ доллары өлчөмүндө акча талап кылган.

Учурда иштин бардык жагдайларын жана башка тиешеси бар адамдарды аныктоо чаралары көрүлүүдө.

Аргумент.kg