Кара-Суу районунда 43 бала ууланды

Кара-Суу районунда 43 бала ууланды

30-жалган куран, 2023-ж // Без рубрики // Айпери Осмоналиева

Кара-Суу районунда 43 бала ууланып ооруканага жеткирилди. Маалыматты Саламаттыкты сактоо министрлиги тастыктады.

Алдын ала маалыматка караганда, алар белгисиз затка ууланышкан.

«Ош балдар ооруканасына жеткирилген 43 баланын 18и жаткырылган, абалы канааттандырарлык. Учурда консультация жүрүп жатат, анда балдарды ооруканага калтыруу же амбулатордук дарылоого өткөрүү чечими чыгарылат. Жабыркагандардын баары эмнеден ууланганын аныктоо үчүн кан анализи алынды», — деп билдирди Саламаттыкты сактоо министрлиги.

Булак: Аргумент.кж