Кара-Балтада 7 жашар кыз ачкалыктан улам каза болду

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Кара-Балтада 7 жаштагы кыз аз тамактануудан улам арыктап каза болду. Бул тууралуу «Кабар» агенттигине Жайыл райондук жалпы дарыгердик практика борборунун директору Айнура Имашева билдирди.

Анын айтымында, кыз ооруканага 14-январда түшкөн.

«Кыз чарчоо жана суусуздануу менен дароо жандандыруу бөлүмүнө жаткырылды. Анын абалы өтө оор болчу. Дарыгерлердин айтымында, кыздын атасы балдарды карабайт, апасы Россияда», — деди башкы дарыгер.

Ал кыз жети жашта экенине карабай салмагы 12 кг гана болгонун белгиледи. «Биздин дарыгерлер колунан келгенин жасашты, бирок кыз 15-январь күнү эрте менен каза болуп калды», — деди ал.

Аргумент.kg