Кар күрөйм деп учуп кетип оор абалда

Кар күрөйм деп учуп кетип оор абалда

14-үчтүн айы, 2022-ж // // Айпери Осмоналиева

Кар күрөйм деп кыргыз жигит учуп кетти. Бул тууралуу орус басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматта, окуя Орусиянын Санкт-Петербург шаарында болгон. Шаардагы Седова көчөсүндө жайгашкан бала бакчанын биринин чатырындагы карды тазалап жатып буту тайып кулап түшкөн. Тез жардам менен ооруканага жеткирилди. Учурда абалы оор деп айтылууда. Ошондой эле баш мээсинен ачык жаракат алып, баш сөөктөру сынып кеткен.