Кар көчкү түшүп ,мал өлүмү болууда

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Тоң районунун жайлоолорунда кардан улам мал өлүмү катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 23-майдан 24-майга караган түнү аба ырайынын кескин өзгөрүшүнө байланыштуу Тоң районунун Улахол, Күн-Чыгыш, Кѳл-Тѳр, Мамбетов, Тоң жана Төрт-Күл айыл аймактарынын жайлоолорунда нөшөрлөп жааган жаан, кардан улам малчылардын арасында чыгымдар катталган.

Жаандан жана кардан улам Тоң районунун аймагында жалпысынан 9 жылкы, 26 уй, 353 кой-эчки ѳлгөндүгү аныкталган.

Тоң райондук ветеринардык башкармалыгы тарабынан Күн-Чыгыш, Кѳл-Тѳр, Улахол, Тѳрт-Күл, Мамбетов жана Тоң айыл аймактарынын башчыларына ѳлгѳн малдын сѳѳктѳрүн “Яма Беккариге” ветеринардык эрежеге ылайык кѳмүү боюнча тапшырма берилген.

Күн-Чыгыш айыл аймагы тарабынан “Жазы кечүү” жайлоосуна малчыларга 200 түк чөп жеткирилген. Ал эми калган айыл аймактардагы жайлоолордо карлар ээрип кеткен.

Булак:Аргумент кж

Аргумент.kg