Канышай Рысбекова: “Татыксыз адам менен бир өмүр жашаганча, татыктуу адам менен бир жыл өмүр сүргөн артык”

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Алпаруучу Канышай Рысбекова азыр турмушка чыгууга баардык жактан даяр эместигин айтат:

Менин тагдырымды чечип…Ким менен сүрөткө түшүп же эфирге чыгып калсам “тийип ал”, “Канышайды алып ал”, “Балан чоңоё электе…” деген кептерди окуп калып таң калам жана чарчадым.

Мага бүткүл Кыргызстан күйөө издегендей. Алтындарым, азыр мен даяр эмесмин, даяр эмесмин баардык жактан. Менин максатым эптеп күйөөлүү болуу же “күйөөсү бар” деген атка конуу эмес!

“Татыксыз адам менен бир өмүр жашаганча, татыктуу адам менен бир жыл өмүр сүргөн артык” деген сөз бар.
Менин татыктуу адамымды канча жыл болсо да күткөнгө даярмын. Түбөлүгүм сөссүз бактылуу болот, ага ишенем”. – дейт ал.

Аргумент.kg