Канышай Рысбекова: «Идиш жууп үйдө отур» деп акыл айкан эркектер,балким силерден жогору иш кылып жаткандырмын
22-тогуздун айы, 2021-ж // // Айпери ОсмоналиеваАлып баруучу Канышай Рысбекова мамлекеттин кызыкчылыгын коргой турган сенби дегендерге жооп берди.
“Өлөөр элдин жигиттери бири-бирин катын дешет, өсөөр элдин жигиттери бири-бирин баатыр дешет! Ушул сен үйүндө идиш жууп отурбайсыңбы! Коомдук ишти эмне кыласың? Мамлекеттин кызыкчылыгын коргой турган сенби? — деп сенсиреп жаткандарга жооп! Чоң саат кичинекей тетиктин жардамы менен иштейт, балким ошол кичинекей маанилүү тетик биз? Бири бирибизге жакшы сөзгө жарабай калуу — бул менин эмес, улуттун трагедиясы деп эсептейм. Көптөгөн бош сөз сүйлөгүм келбейт! Болгону өсөөр эл болсок деген гана тилек.”-деп инстаграм баракчасына жооп кайтарды.