Каныбек Осмоналиев: «Президент Садыр Жапаровго кеңешим: сабатсыз, жалкоо, өзүн гана ойлогон чиновниктерден тез арылса»

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

— “Президент Садыр Жапаровго кандай кеп-кеңештериңиз, сунуштарыңыз бар? Жаңырган жылда мамлекетибиз ири ийгиликтерди багындыра алабы? Элдин жашоосун кантип оңдосок болот?”

— Учурдан пайдаланып, баардык кыргызстандыктарды 2022-жаңы жыл менен куттуктайм! Президент Садыр Жапаровго кеңешим, албетте, бар. Эң алды сабатсыз, жалкоо, өзүн гана ойлогон, бирок ал «сапаттарын» өтө митайымдык менен жаап-жашыра билген чиновниктерден тез арылса.

Бул жылы күнү-түнү экономиканы көтөрүү менен алек болсо. Инвестицияны тартуу ишин колго алса. Анан, албетте, билим берүү тармагына көңүлүн бурса.

Бул тармак толугу менен талкаланды. Ал жерде жооптуу кызматтарды көбүнчө жалаң гана бүлүндүргүч паракорлор ээлеп алышкан. Кыргыздын келечеги жок болгону турат!

Эң акырында айтарым, улуттук идеологияны жолго салуу иштерин күчөтсө. Эл болуп багытыбызды аныктай албай келебиз!

Булак: Азия News гезити

Аргумент.kg