Каныбек Осмоналиев: «Мени жакындатпай коюшса да, Садыр Нургожоевичти аягына чейин колдой берем»

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

— Кандай себептерден улам министрлер кабинети өзгөрдү? Ал жакка келаткан кадрлар туурасында эмне айта аласыз?

— Жакында боло турган парламенттик шайлоого өтө чоң саясый кырдаал таасир этип, мамлекеттин тагдырын чечүүчү ролду ойногону турат. Былтыр ушундай шартта эмне болдук эле? Мурдагы бийлик элдин оюна туура келбеген иштерди жасап, өзү куулуп, аз жерден элди кырып ала жаздады. Ошондой абал кайталанбашы үчүн алдын ала эл ишенген жаңы министрлер кабинетин түзүү керектигин мурдатан бери айтып келем. Ошол ишке ашып жаткандай болууда. Мен муну колдойм. Негизинен кесипкөй кадрлар келе жатканы көрүнүп турат. Албетте, баардыгынын оң жана терс жактары бар. Менин бир гана каалоом: азыркы кырдаалды түшүнүп, эки ай так, ачык иштеп беришсе экен. Дагы бир каалоом: популисттик сөздөрдү азыраак айтышса жакшы болмок. Мисалы, «кийинки жылдын бюджетин 400 миллиардга жеткирем» дегендин өзү ишке ашпагандай болуп турат. Себеби, бир жума мурун Акылбек Жапаров экономика жана каржы министри болуп туруп, наркы жылдын бюджетин сунуш кылган. Бюджет азырынча кабыл алына элек, бирок 2022-жылдын бюджетин 203 миллиард деп киргизген. Бир жуманын ичинде дагы 200 миллиардды каяктан табат? Бизге окшогон илимпоз адамдар бул чындыктан алыс экенин түшүнүп турабыз. Кандай болгон күндө дагы чындыкты айтып, «бюджет жаман, акыбалы ушундай, биз өндүрүштү көтөрүп, салыктарды оптималдаштырышыбыз керек, бажы кызматынын ачык-айкындуулугун камсыздоо зарыл» десе эл жакшы түшүнмөк. Мен ушундай реалдуулуктан алыс нерселерди көп жактырбайм, балким ошон үчүн менден коркушуп, көп жактырышпайт окшойт.

— «Мени жактырышпайт» деп калдыңыз, азыркы президент абакта отурган кезинде аны колдогондордун бири болчусуз, бирок азыр сыртта байкоочу катары жүрөсүз…

— Ооба, туура айтасыз. Былтыр, 2020-жылы 2-мартта Садыр Жапаров түрмөдө жатканда ошол кездеги бийликтен ага мунапыс берүүнү талап кылып чыкканбыз. Ал учурда анын абактан чыгып, президент болуп каларын Кудайдан башка эч ким билген эмес. Мен ак дилимден, ак жүрөгүм менен чыккам, айрыкча баласы каза болуп калганда ичим эңшерилип кеткен, эч нерсени талап кылбай, суранбай, аны колдоп чыккам. Эгер Садыр Жапаровдун ордунда башка бирөө болсо, аны дагы колдоп чыкмакмын. Менин мүнөзүм, тарбиям ошондой. Менин күйгөнүм, ошол оор күндөрү аянтка келбей бекинип, качып, керек болсо «ал зек» деп жүргөндөр азыр дал ошол президенттин жанында отурушканында болуп жатат. Мына ушундай нерсе келип-келип адамдардын бири-бирине болгон мамилесин бузат экен. Бирок мен андай киши эмесмин. Мени эч бир жакка жакындатпай койгондоруна карабай, Садыр Нургожоевичти аягына чейин колдойм. Муну да Кудайдын сыноосу катары кабыл алам. Бир гана шайлоонун тынч жана таза өтүшүн тилейм. Мага жумуш бербесе бербей эле коюшсун, жооптуу кызматтарга жакшы кадрларды тартып, мамлекеттеги стабилдүүлүк камсыздалса, мен сүйүнөм.

Анархан Алтымышова 

«Азия Ньюс» гезити

Аргумент.kg