Каныбек Осмоналиев: Атамбаевдин саясатта кандай экенин көрдүк, эми кайтпай деле койсо болот

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

— Атамбаев эркиндикке чыгышы өзү үчүн да күтүлбөстүк болгонун билдирди. Экс-президенттин мындан аркы кадамы кандай болот деп ойлойсуз, саясатка кайтышы мүмкүнбү?

— Алмазбек Атамбаевдын капысынан эле эркиндикке чыга калышы кийинки окуялар менен байланышканын эми гана билбедикпи? Ал кишинин мыйзам алдында толук кандуу жооп бериши — бул келечектин иши болуп калды. Анткени, аны менен байланышкан бир топ оор кылмыштар бар экендигин ошол эле укук коргоо жана тергөө — сот органдарынан баштап көчөдөгү чала-кайым «саясатчылардан» бери эле безилдеп сайрап жүрүшпөйбү? Акыры чындык айтылат жана далилденет деп үмүт кылып туралы. Атамбаев саясат жаатында белгилүү жана, тилекке каршы, «одиоздуу» фигура болуп калган. Анын оң жана айрыкча, терс иштери арбын! Эгерде элим деп ойлосо ал киши жайбаракат гана шартта болгон иштердин баарын төкпөй-чачпай тергөөчүлөргө айтып берүүсү элге пайда гана алып келмек. Бирок анын артында аны сүйлөтпөй коё турган зор күчтөр бар! Аларды жеңгенге эрки жетээр бекен? Кыскасы, Атамбаев өзүн-өзү актап, журт астында жүзүн ачыктап, керек болсо тазалап ала турган сонун жана ыңгайлуу шарт келип турат. Акылы болсо аны пайдаланып калаар! Ал эми анын саясатка келе турганы жөнүндө айтсам, Атамбаев саясатта кандай экендигин көрдүк. Кайра келишинин элге зарылдыгы жок. Эгер андай болсо биринчи кезекте эле өзүнүн керт башына кайрадан көп кыйынчылык түшүп калат го?!

Булак: Саясат.kg

Аргумент.kg